Кыргызстанда Унутчаактык склероз жана сейрек кездешүүчү ооруларды дарылаган борбор ачылды
27-май күнү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын №1 Неврология бөлүмүндө «Унутчаактык склероз жана сейрек кездешүүчү башка оорулар борборунун» ачылыш аземи болду.
Борбордун ачылышына катышкан Улуттук госпиталдын башкы врачы Токтобай Маанаев неврологиялык ооруларды изилдөө, диагностика коюуу, дарылоо ишинде бул борбордун мааниси өтө чоң экенин баса белгилеп, кээ бир жарандарыбыз борбордун жоктугунан арга жок чет өлкөлөргө кетип жатканын, жеке менчик клиникаларга барып, өтө көп акчага дарыланганын айтты.
«Бизде өз ишин мыкты билген кадрлар жетиштүү. «Унутчаактык склероз борборунун» ачылышы эң актуалдуу жана эң керек окуя болду», — дейт башкы врач.
Белгилүү окумуштуу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неврологу Токтомушев Чоробек «Унутчаактык склероз борборунун» мааниси, бул оорунун тарыхы тууралуу айтып берди.
«Унутчаактык склероз оорусу (Рассеянный склероз) Азия аймагында анчалык белгилүү эмес болчу. Өткөн кылымдын 70-жылдарына чейин Унутчаактык склероз Орто Азия аймагында жашаган нукура жергиликтүүлөрдө кездешпейт деген түшүнүк бар эле. Орто Азиядагы, Европадагы чоң-чоң окумуштуулар бул оору менен азияттар оорушпайт деген тыянакка таянып келишкен. Дал ушул биздин клиникада бир жаш аялды дарылап жүрүп, кийин каза болуп калганда, анын баш мээсин атайын европалык борборго алып барып изилдегенбиз. Ошондо Унутчаактык склероз (рассеянный склероз) азияттарда да кездешээрин биринчи жолу биз далилдегенбиз. Бизден кийин индустар, кытайлар, япондор иликтей башташкан.
Негизи бул оору азияттарда өтө сейрек кездешет. 100 миң адамга 5-10 учур туура келет. Европалыктарда 100 миң кишиге 150дөн өйдө кездешет. Жогоруда айткандай, эң аз ооруганы — биз, азияттарбыз. Бирок миграциялык агымдардын натыйжасында Унутчаактык склерозго кабылгандар көбөйүп жатат. Бул оорунун козголушуна аллергиялык оорулар да оор таасир берет. Учурда коронавирус илдети толук изилдене элек болуп жатпайбы. Бул оорудагы көп моменттер иммундук механизмдер менен байланышкан. Ошондуктан мындай ооруларды изилдөө үчүн, негизи эле жалпы медицина үчүн бул борбордун мааниси өтө зор»
Ал эми Улуттук госпиталдын №1 Неврология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, Унутчаактык селероз боюнча Кыргызстандагы сейрек адистердин бири Нуржан Жапаралиева жаңы ачылган бул борбордун алдыда жасачу милдеттерин айтып берди.
«Белгилүү болгондой бул оору өтө сейрек кездешет, бирок өтө коркунучтуу. Адамдын нерв системасын талкалап, ишке жарамдуу жаштардын майып болуп калышына алып келген башкы себептердин бири болуп эсептелет. «Унутчаактык склероз борборунун» ачылышына бул оору менен жабыркагандардын саны дүйнөдө жана Кыргызстанда көбөйүп жактандыгы түрткү болду. Учурда дүйнө жүзүндө мындай илдетке чалдыккандардын саны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2 миллион 300 миң адамды түзөт.
Бул борбордун милдеттери — патогенетикалык терапияны дайындоо, анын мониторинги жана кабыл алуунун эффективдүүлүгүн баалоо маселелерин диагностикалоо жана чечүү максатында консультативдик кабыл алуу болуп саналат. Ошондой эле неврологиялык бөлүмдүн шарттарындагы көрсөтмөлөргө ылайык дарылоону тандоо жана жүргүзүү; демиелинденүүчү оорулар менен ооругандардын реестрин жүргүзүү; окуу семинарларды жана конференцияларды өткөрүү; врачтар, анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн лекцияларды уюштуруу, изилдөө иштери да жасалат. Борбордун ачылышы диагностиканы дагы жакшыртат».