Кыргызстанда сот тутуму кандайча реформаланат? Кыскача сунуштар
Бүгүн Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп, анда мамлекет башчысы бул кеңештин эмне үчүн зарылдыгын түшүндүрүп өттү.
«Мыйзам чыгаруу жана укук колдонуу процесстерин оптималдаштыруу боюнча бир катар маселелер чечилип, соттук коргоо механизми мыйзамдуу жана негиздүү колдонулганда гана, жарандык коомду турукташтыруу максаты ишке ашат. Ошондуктан, укуктук коргоо маселелерин чечүү максатында ушул жылдын 31-мартында мен «Президенттин алдындагы сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкка кол койдум», — деди Жапаров.
Президент өлкөдөгү сот реформасына карабастан, сот жана укук коргоо тутумдары негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү иштерин жетиштүү жана натыйжалуу аткара албай жаткандыгы тууралуу коомдогу пикирлер басымдуулук кылып жаткандыгын эске салды.
«Биз конституциялык түзүмдүн негиздеринин кол тийбестигин реалдуу камсыз кыла турган, мыйзамдуулукту, экономикалык мейкиндиктин биримдигин, жарандардын жана юридикалык жактардын менчик жана мүлктүк эмес укуктарын коргой турган сот органдарын түзүшүбүз керек.
Биз улуттук укук коргоо жана сот тутумун түп-тамырынан бери өзгөртө башташыбыз керек. Мурунку тажрыйбаны кайрадан карап чыгып, элдин кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу укук коргоо жана сот тутумун түзүп, сот реформасын күчөтүүгө кез келди.
Тергөө органдары, прокурорлор жана соттор адилеттүү сот процессинде мамлекеттик айыптоонун жүйөөлөрүнө каршы чыгууга мүмкүндүк берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек.
Мыйзамдар адамдарды кыйноолор коркунучунан коргоонун, басмырлоого каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин камсыз кылышы керек жана адилеттүү жана натыйжалуу тергөө механизмдерин камтышы керек. Сот тутуму жана укук коргоо тутумдары ачык-айкын болуп, алардын иш-аракеттери коомчулуктун көзөмөлүндө болушу керек.
Сот процесси ачык-айкындуулукту, иш козгогон жарандарга жана юридикалык жактарга чыгымдарды азайтууну, тергөөнүн узактыгын кыскартуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана айыпталуучунун камакта болуу мөөнөтүн кыскартууну талап кылат.
Сотко чейинки жана сот өндүрүшүндөгү бурмалоолорду четтетүү механизмдерин камсыз кылуу маанилүү. Учурдагы кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү процессинде жарандын, ар бир адамдын кызыкчылыгы сот органынын амбициясынан жогору турушу керек. Кылмыш-процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык так жүргүзүү абзел”, — деди Жапаров.
Отурумда дагы кандай сөздөр айтылды
Жолугушууда КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев “жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Жазык-процесстик кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Жазык-аткаруу кодексинин долбоорунун жаңы редакциясын жазууга киришкенин айтты.
«2,5 жылдын ичинде кодекстер өздөрүнүн жөндөмсүздүгүн көрсөттү. Алар күчүнө кирүүгө үлгүрбөй калышты, анткени аларга 300дөн ашуун өзгөртүүлөр киргизилген. Ушундан улам биздин жумушчу топ бардык адистердин катышуусунда жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну баштады. Жаңы мыйзам долбоорлору мезгилдин талабы. Жана киргизилген өзгөрүүлөрдүн бардыгы биздин реалдуулук менен жүрөт”, — деди ал.
Өз кезегинде юрист Чолпон Жакупова жарандык сектор кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.
“Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси жөнүндө талкуу абдан катуу жана толугу менен чуулгандуу болду. Бирок, биз бул процесстин башынан болбосо да деле, ачык-айкындуулукка жетиштик.
Биз чуулгандуу тегерек стол өткөрдүк. Бирок документтерди даярдап жатканда ушул суроолорду алып салган жакшы. Жарандык сектор кызматташууга даяр”, — деди ал.
Мисал катары Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев аларга жарандардан арыздар жана кайрылуулар келип түшөрүн, бирок процессуалдык ченемдер аныкталбагандыктан, аларды карап чыгууга кабыл ала албастыгын айтты.
«Биз конституциялык мыйзамдар кабыл алынганга чейин кабыл алууну токтото турууга аргасызбыз. Анын үстүнө, учурда биздин 24 чечим аткарылган жок», — деди ал.
Корутунду
Кыргызстанда сот реформасы 2010-жылдан бери жүрүп жатат. 2014-жылы «Кыргызстанда мыйзамдуулуктун чыңдалышына көмөк көрсөтүү» долбооруна 13 миллион 260 миң евро бөлүнүп, ал соттор үчүн AIS деп аталган автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгууга жумшалган.
2017-жылы ЕС дагы ушул эле сумманы бөлгөн. Жалпысынан европалыктар гана 26 миллион евро инвестиция салышкан.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы сот реформасын жүзөгө ашыруу үчүн салык төлөөчүлөрдүн акчасынан 965 млн сом, 2016-жылы 1,2 млрд, 2017-жылы 1,3 млрд бөлүнгөн, бирок 2018-жылы буга чейин 1,6 млрд сом, 2019-жылы — эки миллиарддан ашык сом бөлүнгөн.
Азыр өлкө реформанын жаңы айлампасын күтүп жатат, бул чындыгында эле зарыл — мурунку реформалар өз максатына жеткен жок.
Ошол эле учурда жарандардын мамлекетке болгон ишеними жыл сайын азайып баратат. 2020-жылдын аягында калктын 36,5% гана мамлекетке ишенген.
Булак: ВБ сайты