Блогер блок

«Президент кантип жатты экен? Аңгектен качсаң дөңгөккө…»

Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Бактыгүл Иманбек кызы өлкө башчысынын акыркы жасаган кадамдары тууралуу өздүк баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Аңгектен качсаң дөңгөккө… Президент Садыр Жапаровдун азыркы баардык кабыл алып жаткан чечимдердеги абалы…

Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң, түз кетсең экөң тең өлөсүң деген абал….

Каякты караба жегичтер, жада калса эми ушунча жылдан бери бир, көзгө басаар, сыймыктанаар Эверестти багындырган КР сынын атынан альпинист чыкса анысы да Кумтөр ызы чуусуна кириптер имиш…

Презилентти кой, эл өзүбүз чийки май жегендей болуп, мактанаарыбызды билбейбиз, же унчукпай кое албайбыз…

Президент кантип жатты экен?

Белек бечкек, орденин ыйгарып жиберсе, маданият, сыймык, дүйнө, коңшу назар салып турат дегенди уруп да ойнобогон чаар баштарыбыз чыгат ажылдап, өкмөттүн эшигин тепкилеп…

Унчукпай көрмөксөн болуп койсо, ал да болбойт.

Баатырын сыйлап сый чапан жаба албаган эмне деген бийлик болуп калат?

Айтор өзүм ынгайсыз отуруп, президент кантти экен? деп ойлоп койдум…

Негизи эле Садыр Жапаров мышык ыйлай турган системаны реформалоочу чечимдерди ушинтип эле кабыл алып жатат баамдаган болсонуздар…

… же атын садага чаап, же өзүн садага чаап…

Атын садага чапкан чечимдерин САЯСИЙ КУУГУНТУК, ӨЧ АЛУУ… деп жатабыз…

Өзүн садага чапкан чечимдеринде ТЕСКЕРИ КЕТТИ, КОЛУНАН КЕЛБЕЙТ ДА, ОШОН ҮЧҮН ДА….деп кейжектеп кабыл алып жатабыз…

Ошоол… бииир таза жан калды беле деги?» — деп жазган Бактыгүл Иманбек кызы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button