Коом

Түркия Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачышы мүмкүн

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов түрк тарапка жакын арада Кыргызстанда өнөр жай зона ачууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Ошондой эле, 10-июнда өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумунда Кыргызстан инвестициялар министрлиги менен Түркиянын OSTIM компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюулары күтүлүүдө.

OSTIM өкүлдөрү кыргыз тарапка негизинен чакан жана орто ишканалар сунуш кылган жана Анкаранын алдыңкы өнөр жай зоналарынын бири болгон уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришти.

Уюмдун мүчөлөрү Түркиянын экономикасынын 17 негизги тармагында иштешери жана алардын саны 6,2 миңден ашуун ишкана экени белгиленди. OSTIM мүчөлөрүнүн негизги максаттарынын бири — бул өнүмдөрдү тышкы базарларга жеткирүү.

Бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары башталды. Анын алкагында ал түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат. Сапардын экинчи күнүндө Жапаров Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолугары күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button