Коом

Электр энергиясын толук үзгүлтүккө учуратуу болбойт — Энергетика министрлиги

Энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында, эртең мененден кечке чейин жерлерде электр жарыгы өчүрүлөт. Бирок, толук өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

“Бул оңдоо иштерине байланыштуу. Мен калкты түшүнүү менен мамиле кылууга үндөгүм келет. Эч кандай энергетикалык кризис жок. Булар турмуштагыдай эле жумуш процесстери. Биз энергетика тармагына киреше алып келиши үчүн аны инвестициялашыбыз керек”, — деди министр.

Бекмурзаев оңдоо иштери энергетика тармагын келечекте өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр болушу үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button