Саясат

Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди.
Мамлекет башчысынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.
  
Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.
Эске салсак, расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button