Коом

«Мыйзамда жарандарга алтынды каалагандай кѳлѳмдѳ сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган»

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Самат Ибраев менен Бактыбек Турусбеков «КР Улуттук Банкы жѳнүндѳ» мыйзам долбоорун сунушташып, депутаттардын кароосуна алып чыгышты. Бүгүнкү күндѳ мыйзам долбоору талкууда. 

Бул мыйзам долбооруна депутаттар, коомчулук эле эмес, Президент ѳзү кѳңүл буруп койсо ашыкча болмок эмес экен. Дегеним, мыйзам долбоору ар бир жаранга келечектеги пенсиялык фондго каражатты катуу валюта, тагыраагы, алтын менен топтоого мүмкүндүк берет экен. Башкача айтканда, жаран ѳзүбүздүн Кумтѳрдѳн эле ѳндүрүлгѳн алтынды акчасына жараша сатып алып, Улуттук банкта сактай берет. Кийин топтолгон алтындын эсебинен пенсия чегерилет. Пенсиялык фондду топтоонун мындай жолунда болочоктогу пенсионер бардык жагынан утушка ээ болот. Жогорку суммадагы пенсия менен ѳзүн камсыздай алат. Себеби, ѳлкѳдѳ кандай инфляция болбосун, алтындын баасы кымбаттаса кымбаттайт, бирок арзандабайт. Акыркы 100 жылда эле алтындын баасы 100 эсеге кымбаттаганы буга далил.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда жарандарга алтынды каалагандай кѳлѳмдѳ сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Азыр алтындын куймасы сатылат, бирок аны капчыгы калыңдар, байлар эле сатып ала албаса, жѳнѳкѳй жарандардын сатып алууга чамалары жетпейт. Кыргызстандын ар бир жараны дүйнѳлүк рынокто атаандаштыкка күчтүү валюта менен каражат топтоп, Кумтѳрдѳн ѳндүрүлгѳн алтын ѳзүбүздѳ калып, анын пайдасын ѳлкѳбүз эле эмес, ар бир жараныбыз кѳрѳ баштаса жаман болбойт эле.

Бир сѳз менен айтканда, ѳтѳ керектүү, кабыл ала турган мыйзам долбоору экен.

Мирлан Дүйшенбаев, журналист.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button