Экономика

Чек ара чатагынан жабыркагандар 1 жылга салыктан бошотулду

Экономика жана финансы министрлигинин токтомуна ылайык, 28-апрелден 1-майга чейинки убакта чек арадагы куралдуу жаңжал өзгөчө абал окуяларына теңдештирилди. Министрлик жаңжалда жабыркаган жарандардын тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү 2021-жылдын 31-декабрына чейин салыктын бардык түрүнөн бошотууну сунуштаган.

Токтом долбооруна ылайык, бул жеңилдик акциз менен сатылуучу товарларды, мунай жана тоо-кен тармагында иштеген ишканаларга тиешеси жок.

Жабыркаган жарандар 1-октябрга чейин салык төлөөнү бир жылдан көп эмес убакытка узартуу жөнүндө арызды банк кепилдигисиз эле бере алышат. 1-октябрга чейин камсыздандыруу төлөмдөрүн узартып төлөө боюнча арыз менен салык кызматына кайрыла алышат. Ошондой эле, камсыздандыруу төлөмүн мөөнөтүндө төлөбөгөнү үчүн туумдар 1-апрелден 1-октябрга чейинки аралык үчүн алынбайт.

Бул жеңилдик кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган айылдардан тышкары жайгашкан ишканаларга жана алардын филиалдарына каралган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button