Коом

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга 5-июлда чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Төрага Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин 34-регламентине таянып 5-июлдан 30-июлга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Жыйындар шаршемби, бейшемби күндөрү өтмөкчү. Жогорку Кеңеш адатта кезексиз жыйынга депутаттардын сунушу менен чакырылат. Эске салсак, депутаттар 30-июлда каникулга тарашкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button