Коом

Токиого барчулардын спорттук кийимдеринин сүрөттөрү жарыяланды. Сүрөт

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Токиодогу Олимпиадага бара турчу атлеттердин спорттук кийимдерин көрсөттү.

Курама команданын экипировкасын Кытайдын TECTOP компаниясы бекер даярдап берген. Форманын топтомуна 15 кийим кирген: бир нече футболка, атайын кофталар, ветровка, бут кийим, баш кийим жана башкалар бар.

Мындай форманы спортчулар Олимпиада кыштагында жүргөндө, машыкканда жана сыйлык аларда кийишет.

Ошондой эле жарыштарга кийип чыгуучу атайын спорттук кийими бар. Аларды улуттук Bigser sport компаниясы тигип берген. Спорт агенттиги алардын сүрөтүн кийинчерээк берерин убадалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button