Коом

Аалымдар кеңеши: Эмдөө шариятка каршы келбейт

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө шариятка каршы келбесин айтты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Кеңеш вирустун кеңири жайылып жатканын эске алуу менен эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналарына токтолду.

“Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан адам текшерүүлөрдөн өтүп, дарыгерлер эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр жок экенин айткан учурда вакцина алууга исламда каршылык жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат. 14-июлдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда дээрлик 141 миң жаран вакцина алды. Анын ичинен 87 147си экинчи дозасын алууга жетишти.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button