Коом

Айсулуу Тыныбекова атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет килем үстүнө чыкты.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңип алды. Муну менен кыргыз балбан кызы чейрек финалга жолдомо алды. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык балбан кыз менен кез келет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button