Коом

Спортчуларды тосуп алуу. Коопсуздук үчүн 600 милиционер тартылат

Токио Олимпиадасынан байге алган спортчулардын урматына «Ала-Тоо» аянтында уюштурула турган салтанатта коопсуздукту сактоого 600дөн ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Бүгүн ШИИБде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын инструктаж өткөн.

Маданият, маалымат жана спорт министрлигинин маалыматына караганда, иш-чара түшкү саат 13:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button