Тагдыр: Ичимден өзүмдү тилдеп жаттым. Аз болот ушуну көрмөксүң деп…
Биз пенделер кээде шашып чечим чыгарып, соңунда бармак тиштеп калган учурлар көп кездешет. Мен да ошолордун биримин. Кайын эжем 2 жаштагы баласын, андан улуу төрт жаштагы баласын бизге таштап иштеп келебиз деп Россияга кетишти.
Өзүбүздүн үч кыз менен үйдүн ичи базар болуп калды. Бизге бат-бат келип жүргөндөн жаш бала көнүп калган. Бизде жалаң кыздар болуп, эркек баланы ого эле жакшы көрөбүз. Менин оюмда кыздарым менен ойноп жүрө берет, азыр жай күн жылуу, кыздар деле онлайн окуйт карай беришет деп ойлогом. Бирок, кечээ жумуштан келсем бала чырылдап ыйлап жатыптыр, ойноп жүрүп колун чыгарып алыптыр. Жолдошум жумуштан келгенде, табыпка (костоправка) алып барып салдырып келдик. Баары жакшы апасына айтпай эле коелу десек, улуу баласы айтып салыптыр чалганда. Эмирдин колу сынды, анан доктурга алып бардык деп. Кайын эжем алыста болгонго кабатыр болуп чалды жумушума. Азыр жакшы экенин, бир аз тамыры чоюлуп калыптыр деп койдум. Эне да баары бир ойлонот.
Үйдө бала көп болуп, жуулган идиш-аяк, алардын кирлери көп чыга баштады. Жекшемби эс алуу күнү эртеден кечке күнүм үй жыйнап, кир жуумай менен өтөт.
Ал окуя бир аз басаңдап, Эмир колу сакайып, баягыдай күлүп ойноп калды. Балага баары бир апасы керек экен. Канчалык мээрим төгүп, жакшы караган менен көздөрүндө кусалык жатат. Эненин жыты, эненин сүйүүсү башка болот да. Күндөн-күнгө кылыгы чыгып кубантып турат.
Бүгүн жумуш кайнап, офиске келген кишилер көп болду. Жумуш бүтөөрүнө эки саат калганда улуу кызым чалды:
— Апа, Эмир бутуна ысык чай төгүп алды, — деп.
Эч нерсеге карабай үйгө чуркадым. Кашайып жолдун баары тыгын. Жолдошума чалам үйгө келдиңби деп. Ал жакын жерде иштейт.
— Ооба келдим, тез жардам чакырдым, — деди.
Мээмде түркүн ойлор, жеткенче жаным көзүмө көрүнүп, жүрөгүм оозума тыгылды. Таксиден түшүп жатканда тез жардам үйдүн астынан жүрүп кетти. Чуркап эле кирсем, баланын бутун байлап коюпшуптур. Көпкө ыйлаганга көздөрү шишип калыптыр.
— Эмнеге байлады, ал этине жабышып кайра ыйлатат деп, акырындан марлини чече баштадым. Аптекадан жолдошум алып келген дарыны сүйкөдүк. Тизеден ылдый күйүптүр. Кудай жалгап жеңил эле экен. Бирок, күйүктүн ачыштырганы жаман да. Байкуш бала зырылдайт эми мазь сүйкөтпөй. Эне жүрөгү сездиби, ошол тушта кайын эжем чалып калды. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди карайбыз сен ал дегенсип.
Улуу кызым алды да, эжекеси менен сүйлөшүп, баары жакшы деп эле жатты. Бир кезде:
— Эмир кана, Эмирчикке берчи, — десе болобу.
Жолдошум баланы алып отурган. Телефонду алып, эжеси менен ал жай сурашып, бала бутуна бир аз ысык чай төгүп алганын айтты. Менде такыр тынчым жок, өзү алыста жүрсө деп.
— Ииий балам байкуш, кечээ эле колу сынды эле эми бутубу? Жакшы элеби, эти шылынып калбаптырбы? Көрсөтчү мындай… ааа … мазь сүйкөдүңөрбү?, — деп улам бир суроону берип, айтор баласынын абалын жан алы калбай сурап жатты.
Ичимден өзүмдү тилдеп жаттым. Эмнеге макул болдум, эмнеге алып калдым. Аз болот ушуну көрмөксүң. Иштесем айына акча салып турам дегине кызыдымбы? Бир чети жолдошум жаман көрбөсүн дедим. Айтор, болору болуп боёсу канды.
Бала байкуш түнү менен ыйлап чыкты, баарыбыз аны сооротуп, айтканы менен болуп бөпөлөп жаттык.
Кандай болгон күндө да ар ким өз баласын караганы жакшы экен. Заманың кургур баары ойдогудай болсо эжем да алыс кетмек эмес. Арадан он күндөй өтүп калды, баланын буту айыгып калды. Эми баланын бутунда күйүктөн калган тырыкты көргөн сайын «жеңемдин колуна калганда ысык чай төгүп алган экенмин» деген так калат да.
Жазгүл Баяналиева