Тагдыр: Бир күнү келип алып кетчүдөй сезилип, корко берем…
Бала бул бакыт. Бирок, ошол бакыттын балын татып, жыпарын жыттоо бизге насип кылбады. Балким турмушка жаш чыгып төрөбөй калдымбы? Балким жараткан кечиктирип береби дедим. Күн санап ошол бактылуу “эне” деген статуска ээ болчу күндү күтүп жүрдүм.
Мектепти бүтөөр менен жолдошум ала качып, отуруп калдым. Бактыма жакшы бүлө туш болуп, кер-мур айтышпадык. “Азыр жашсың убакыт саат келсе төрөп аласың” деген кайын энемдин сөзүн эш тутуп жүрө бердим.
Бирок, арадан убакыт өтүп менден кийин келген абысындарым, кошуна келиндер бүт эле балалуу болушту. Бир күнү апама “каранып көрсөм кантет” деген оюмду айттым. Апам да макулдугун берип, алгач өзү билген ырымдар менен кемпирлерге каратты. Натыйжа болбогон соң шаардагы врачтарга карандым. Айрымдар «жолдошуң экөөңду чогуу карайбыз» — , деп чогуу дарыланып көрдүк. Бирок, буйрук экен бала жытын жыттабадык.
Ал арада үй куруп, жолдошум экөөбүз бөлүнүп чыктык. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп күн өтүп жатты. Бизге көнүп калган кайын энем менен кайын атам бат-бат келип турушат. Бул ирет кичине абысынымды эки баласы менен кошо ала келишиптир. Кобурашып баарыбыз чай ичтик, балдар чуркап ойноп жүрөт. Чынында үй ичинде бала үнү жаңырып турса аларды көрүп менин эски жарам козголо түштү. Аз келгенсип кайын энем да:
-Тиги кошуна келин, Сейилдин келини үчүнчүсү боюна бүтүптүр. Улуусу эки жашта, экинчиси бирге эми чыгат экен — , деди.
Бул сөздү апам чынында сөз аралаш эле айтты. Бирок, мага эмнегедир бир аз катуу тийгендей болду.
Байкатпай акырын абасыным мени карап:
-Жеңе, эгер жаман көрбөсөңүз, ошол келин үчүнчүсүн төрөсө багып албайсыңарбы — деп калды.
— Чын эле, туура айтасың. Мурда эч ойлобоптурмун,- деп карап калдым.
Ошентип алар кеткен соң, акырын жолдошума оюмду айтсам көнбөй койду:
-Койчу ай, кайдагыны айтпай, Сейил эже эле ме сага деп баласын кармата бермек беле, сен аны бил-бейй-сиииң — деп башын чайкады.
Унчукпай тескери карап жатып алдым. Жолдошум сездиби бир кезде:
-Башкалар ЭКО деген менен балалуу болуп жатышат го, балким ошону байкап көрсөкчү — деди.
Ошентип, экөөбүз таарынычты унутуп, интернеттен ЭКО тууралуу издеп баштадык. Көптөр эле жасалма уруктандыруу менен эгиз, үчөм төрөгөндөр бар экен. Бирок акчасы кыйла кымбат экен.
-Же … балдар үйүнөн эле багып алсакпы? — деп жолдошум мени карады.
-Мейли өзүң бил… Барып көрөлү. Ал да жакшы вариант — дедим.
-Бирок, ал жерде кимдин балдары кандай адам болду ата-энеси ким кайдан билебиз. Чоңойгондо бала баарыбир биологический ата-энесин тартат да. Каны ошолордуку болуп жатпайбы — деп кайра ойлонуп калды.
-Аябай эзип жибердиң…. Чын… Мен макулмун, башка эле аял алып төрөтүп алчы. Мына он жыл болду баш кошконубузга. Мен 30 га чыктым. Сен 36 га кетип жатасың. Эртерээк балалуу болбосоң картайганда куу башың калат — дедим да ыйлап жибердим.
Жолдошум унчукпай тамекисин түтөтүп отуруп калды. Эртеси таң атканда турдум да киймдеримди чогултуп жөнөп калдым. Жолдошум келип, кечирим сурап, мага көнүп калганын айтып, эгер балалуу болгусу келсе эчак эле башкага үйлөнүп ала турганын айтып жалынып жатып алып калды. Ошол бойдон бул тема кайра жабылды. Оюмда түркүн ойлор жашап жатты.
Тааныштардан тымызын кокустан боюна бүтүп калган жаш кыздар жок бекен деп сураштыра баштадым. Бир күнү жумушта отурсам абысыным чалып калды.
-Жеңе каяктасыз, срочно жолугуу керек — дейт.
-Атам, апам жакшыбы, кокуй тынчтыкпы? — десем.
-Келсеңиз жолукканда айтам — деп телефонду өчүрүп койду.
Абысыным айткан жерге келсем, бир татынакай жаш жигит менен отуруптур.
-Келиңиз жеңе кандайсыз. Чарчаган жоксузбу? Эмне жейсиз — деп эле тынчы жоктой көрүндү.
-Жоок, эч нерсе деле жебейм, айтчы деги тынчтыкпы? Эмне болуп кетти деги? — деп сурадым.
-Оой жеңе, кайсынысын айтайын. Мына шүмшүк менин иним. Студент. Жакшы көргөн кызы бар. Кыскасы экөө аябай сүйүшүп жүрүп, кыздын боюна бүтүп калыптыр. Алдырам апам билсе өлтүрөт деп жатыптыр, эч кимге байкатпай сиз макул болсоңуз төрөтүп алсак. Кыздын ата-энеси Россияда экен. Алар билсе да чуу чыгат. Ииий.. иши кылып ушундай жеңе — деп үшкүрүнүп отуруп калды.
-Акең эмне дейт, ойлонуш керек го, тиги кыздын ата-энеси билип калсачы? — дедим.
-Жеңе акем көнөт. Өткөндө апама келип айтып жаткан бала багып алсак окшойт деп. Апам менен атам деле макул. Ал кыздын ата-энеси контракт менен 3 жылга иштегени кетиптир. Бул шүмшүк алат ал кызды. Албай көрсүнчү өтүн өзүм алам — деп инисине муштум кезеди. Анысы унчукпай башын ийкеди.
Ошентип, кудай буйруп, биз балалуу болдук. Балабыз зирек, татынакай. Атасы экөөбүз үйрүлүп түшүп чоңойттук. Азыр мына 5 ке чыгып калдык. Абысынымдан улам тиги кыз менен жигитти сурап турам. Бир күнү келип алып кетчүдөй сезилип, корко берем. Абысынымдын айтуусунда, алар окууларын аяктап, үйлөнгөнү жатышыптыр. Бир ай мурун кызга сөйкө салышыптыр, жакында той дейт.
-Жеңе чакырсак барасыздарбы? — дейт келиним.
-Жоок ай, алардын эски жарасын козгоп эмне. Башкысы тиги иниң сөзүнө туруп алыптыр, ошого кубанып жатам. Бактылуу болушсун — дедим.
-Жеңе сизге рахмат. Туура эле кылдыңыз. Азыр жаштар башкача, мындай окуялар көп, байкатпай алдырып салганы канча. Сиз сооп иш кылдыңыз, болбосо кыз баланы алдырып салса, байкуш бала ааламга жаралбай, тиги кыз экинчи ирет төрөй албай тагдыры талкаланмак. Сиздерге рахмат. Өз балаңардан артык карап жатасыңар — дейт.
Балким… балким, туура кылдым, балким жок. Бирок,жашоодо жаңылбаган ким бар дейсиң. Жашоонун өзү жомоктой дейбиз. Тескерисинче жомок дал ушундай болуп өткөн окуялардан жаралат өңдүү.