Спорт

Талант Мамытов мушкер Рафаэль Физиевге саат белек кылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мекенине келген Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алды. Бул тууралуу төрага өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мекенине келген Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевди кабыл алды. Бул тууралуу спикер өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Мамытов спортчуга Жогорку Кеңештин энчилүү кол саатын жана башка белектерди тапшырып, ага ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалаган.

Эске салсак, “Атаман” каймана аттуу кыргызстандык мушкер өткөн жекшембиде кезектеги беттешинде АКШлык Бобби Грин менен кез келип, аны жеңип алган. Бул кармаш «кеченин таймашы» жана «абсолюттук шоу» болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.

Физиев муну менен Абсолюттук мушкерлер чемпионатында төртүнчү ирет удаасы менен жеңишке жетти.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button