Коом

Бишкектеги эски аянтта «Достук» фестивалы өтөт

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте этностор аралык достук фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эски аянтка уюштурулган иш-чара «Кыргызстан — менин мекеним!» деп аталып, ага өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү катышат. Өнөрпоздор өз талантын тартуулап, майрамдык парадда басышат. Ошондой эле көргөзмө, жарманке дагы болору айтылды.

Иш-чараны Маданият министрлиги президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте өткөрмөкчү.

Эски аянтка боз үйлөр тигилип, кооздолгон.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button