Тагдыр: Жылмайганы менен ары жагында капалуу экени билинип турду
Адамдын көңүлү гүл. Ошол гүлдү суу коюп аздектеп, ажайып кооз өсүүсүнө да адам себепкер. Тескерисинче саргайып куурап калуусуна да адам себепкер. Багбаны жакшы болсо, гүл бакча кооз болот деген. Бирок, азыркы коомдо дал ошол гүлдөрдү жайнатып өстүргөн багбандар азайып бараткандай. Бир топ гүлдөр, ачылбай туруп, турмуштун бороонуна, чагылган, туман, мөндүрүнө өздөрү чыдап, ар кандай кыйынчылыкка моюн сунбай келет.
Көчөнүн башында дүкөн бар. Бир күнү ошол дүкөнгө жаңы сатуучу кыз келди. Аябай таза, көздөрү жайнаган, зирек, маңдайы жарык, жакшы кыз экени көрүнүп турат. Дүкөн таэжесинин дүкөнү. Айына айлык берем деп, атайын айылдан иштесин деп сурап келген.
Жаш кыз 18 ге чыгып чыкпай таэжесинин кареги менен тең айланып, дүкөндү жалгыз өзү тейлейт. Кардардын көңүлүнө карап, кээде мастар келип тийишип, кээде күйөөсү же аялы менен урушуп чыккандар келип катуу тийип кетет. Келген товарды тизип, убагы өтүп кеткенин кайра берип, ар бир келген жаранга күлүп салам берип, айтор, тың кыз.
Бирок, адамдар да ар кандай да. Жаңы жумушка келгенде таэжеси жакшы эле эскерткен экен, «жаңы көчүп келдик дегендерге карызга көп бербе, алар кетип калат, акчасын төлөбөй» деп. Кыз баарын өзүндөй ойлоп, жаш келиндер, төбөгө түйлгөн чачы менен колуна бирөөсүн көтөрүп, бирөөсүн жетелеп келсе, боору ачып карызга берип коет. Андай окуялар көп эле кездешет. Айрымдар кечиктирип берип кетет рахматын айтып. Айрымдар көп суммага соода кылып, кээде башка дарекке көчүп кетишет. Дал ошолордун айынан куураган кыз таэжесинен кагуу жеген бойдон кала берет.
Бир күнү дүкөнгө кирсем, жанагы кыз ыйлаганы билинип турат, маанайы жок. Жанына отуруп ар кайсыны айтып, көңүлүн көтөргөн болдум. Жылмайганы менен ары жагында капасы бар экени билинип турду. Акырын, сурасам, буга чейин дайыма эле соода кылып жүргөн жаш жубайлар 5 миң сомго алдап кетишиптир. Кечинде келип, эртең айлык тиет деген жүйө менен толтура товар алып, түнү менен башка жакка көчүп кетишиптир. Аны укканда таэжеси айлыгынан кармайм деп, албуутанып бир топ сөз айтып, жаш кыздын шагын сындырып, тилдептир.
Башка эле жумушка кетейин десе, таэжеси:
— Мендей эч ким сага айлык, астыңа төшөк, үстүңө үй, курсагыңа тамак бербейт, — деп тилдейт экен.
Бир чети алда туура айтат. Азыр шаарда оңой оокат жок. Тиги жаштар да кызык экен. Ушул эркектерде жоопкерчилик деген жоголду. Ошентип бүлө бакпай эле койбойбу десең, жаш кызды алдап. Ушундайлардын айынан ишенбөөчүлүк, жек көрүү пайда болот да. Кокус башка жактан көчөдөн көрүшүп калса кантет?
Ата-энесин сурасам, айылда бир аз мал менен дейт. Ошолорго жардам болсун деп иштеп жатканын айтат.
Эээх… заманың кургур. Не деген алдамай заман, биринин баш кийимин бирине кийгизмей. Ал таэжеси да эмне кылсын анан. Жолдошу Москвага иштейм деп кеттип, ошол бойдон башкага баш кошуп, аял байкуш, эптеп кредит алып, дүкөн иштетип, жаңыдан бутка туруп келе жатат. Айылда эле жүрө бербей деп, бир аз жардам болсун деп, сиңдисинин кызын алып келди да. Ошол акчаны башкага деле берем деген ойдо. Буга чейин иштеген эки кыз кассадан бир аз акча алып качып кетишкени болду.
Дүкөндө эки чоң дептер турат. Ичинин баары карыз алгандар. «Эми булар берсе болду» деп кыздын санаасы санга бөлүнөт.
Экөөбүз аркы беркини айтып отурсак, кошуна келин келди.
— Кокуй мага конок келди, кум шекер менен сабиз бере тур. Эки-үч күндө швеядан акча алам, берип кетем, — деп.
Мына азыркы элдин чыныгы турмушу. Жашообуз карыз менен өтүүдө. Айласыз бала чакты эстедим. Бир сомго даалай нерсе алчу элек, азыр айтсаң жомок….