Тагдыр: Башында анча маани берген эмес элем, кийин келиндер кеп кылып…
Кыргызда тойдун болгону жакшы. Бапырап баарын жайып, конок тосуп, сый тамак тартылып, алыс-жакын туугандар чогулат. Дал ушундай маанилүү күн жакын адамдарың, өзгөчө ата-энең төрдүн көркү болуп, балпайып отурганынын өзү чоң бакыт эмей эмне.
Бирок, кээде жашоого алып келип, сенден баш тартып, көздөрүңду балбылдатып таштап кеткен адамга караганда, бапестеп багып, бой жеткенче караан болуп баккан ата-эне баарынан артык экени, сый-урматка бөлөнөрү кечээ кошунам кыз узатканда билинди.
Айылда биздин үйдүн артында экинчи көчөдө жашаган Керим деген байке жашайт. «Керим кызын узатып жатат, уулу келиптир Америкадан» деген күбүр-шыбыр кеп кичинекей кыштакка желдей тарады.
Башында анча маани берген эмес элем, кийин боорсок бышырып жатканда келиндер кеп кылып калышты. Көрсө, тээ 90-жылдары эл кыйналып турган кезде, Керим байкенин кошунасы Аскар деген байке Бишкекке иштегени кетет. Ошол кеткен бойдон айылга кайра келбейт. Аялы эки баласы менен калып, тамекиге иштеп, эптеп эки баланы багуунун аргасын издейт. Бирок, байкуш аял ооруп калып, ааламдан өтөт. Чийедей эки баланы карасын деп айылдагылар Аскарды издешет. Бирок таппай коюшат. Айла кеткенде Керим байке аксакалдарды чогултуп, эки баланы өзүнө алат. Балдарды чоңойтуп, өз балдары менен чогуу окутат. «Таштаганга таш тийбейт» деген кеп бар. Аскардын баласы зээндүү чыгып, англис тилин үйрөнүп, тырышчаактыгынын артында Америкага кетет. Ал жактан кемеде тамак ташып, туристтерди тейлеп иштеп калат. Акырындан бутка туруп, Керимге да акча салып, карындашын окутат. Мындан үч-төрт жыл илгери айылга келип, өзү үйлөнүп, анча чоң эмес той өткөрүп Керимдин батасын алып кетет. Азыр эми карындашы турмушка чыгып, баарын өзү уюштуруп, айылга чоң той, улагы менен берип жаткан чагы экен.
Эл деген эл да, айрымдар, «өз атасы Аскарды деле таап келсе болмок, кантсе да атасы да» деген кептерди айтышты. Бирок, миш-миштерге карганда, Аскар, Бишкектен жумушу жакшы жүрүшпөй, Сокулук жакта тоонун боорунда жашаган бирөөгө малчы болуп иштеп калат. Оош кыйыш заманда, айылдан Ош базарга барып чай сатып калган келиндер Аскарды бир ирет көрүп калышат. Артынан чуркап учурашып, аялы каза болгонун угузушат. Жанында жүргөн аял албууттанып, «Аскардын аялы менмин, анын башка аялы жок» деп, келиндерди тилдеп кетип калышат. Бул окуяны уккан баланын үмүтү үзүлүп, Керимди «ата» деп, кыйын кезде караганы үчүн сыйлап турат экен.
Бүгүн ошол «баласы Америкадан келди, акылдуу бала болуптур, той улагы менен берилип, байгелери чоң экен» деген кептин төркүнү ушундан улам келип чыккан турбайбы.
Жашоо деген ушундай тайгак ашуулардан, бороон чапкындан турган аска көрүнөт. Астыңан чыккан тоскоолдуктан коркпой өтүп чокуга жеткенде гана ары жагында көк майсаң, кооз гүлдөр катылып жаткан сыяктуу.
Жазгүл Баяналиева
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.