Саясат

Быйыл шайлоочулардын саны 80 миңге чейин көбөйдү

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 3 миллион 686 миң 921ди түзөт. Анын 1 миллион 766 миң 898и эркектер, 1 миллион 920 миң 23ү аялдар. 11-апрелдеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын долбоору боюнча референдумга катышкандардын санына салыштырмалуу алардын саны 80 миң 720 шайлоочуга көбөйгөн.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button