Экономика

Өлкөгө зер буюмдарды ташып келүү 7 эсеге жогорулады

Кыргызстанга ташып келинген зер буюмдардын көлөмү жети эсеге жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети кабарлады.

Өткөн жылы жети айда өлкөгө 1,7 миллион доллардан ашык суммага бааланган 1,7 тонна зер буюм импорттолгон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 11,5 тонна алып келинди. Баасы 4 миллион доллардан ашат.

Январдан апрель айына чейин сырттан эки тонна баалуу металл буюмдары ташып келингени белгиленет.

Төмөнкү өлкөлөрдөн импорттолгон:

Россия — 7,7 тонна;

Түркия — 2,9;

Кытай — 0,4;

Өзбекстан — 0,4;

Индия — 0,1.

Белгилей кетсек, быйыл январь-июль айларында эле импорт бир жылдык көлөмдөн ашып кеткен.

2020 — 10,7 тонна;

2019 — 5,5 тонна;

2018 — 4,3 тонна.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button