Спорт
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жазылат.
Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаса, жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.
Спортчу финалдык беттеште америкалык Кайла Коллинди 7:0 эсебинде утуп алды.
Эске салсак, күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан катышууда.