Спорт

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалына татыды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.
Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөшүп, ага мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда россиялык Марина Суровцева менен кезек келип, аны дагы 10:0 эсебинде жеңген.
Бирок жарым финалдык кармашууда эстониялык Эпп Мяэге 3:3 эсебинде (акыркы упайды алган утат) жеңилип, коло үчүн күрөшкө чыкты. Үчүнчү орунга болгон таймашууда Айпери Медет кызы украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде артта калтырып, коло байгени камсыздады.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.
Кыргызстандын атынан жалпы 15 балбан аттанган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button