Экономика

Салык кызматы: Бир айда 9 млрд сомдон ашуун салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматы октябрь айында 9 млрд 921 млн 800 миң сом салык жана төлөм жыйнады. Бул болжолдонгон суммадан 42 млн 300 миң сомго көп болуп, план 100,4% аткарылды.

Муну менен салыктар жана төлөмдөр былтыркы жылдан 2 млрд 330 млн 800 миң сомго көп жыйналып, өсүү темпи 130,7%ды түздү.

Айта кетсек, ушул жылдын январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта чогулган салык жана төлөм 85 млрд 770 млн 500 миң сомду түзүп, мерчемделген сумма 3 млрд 81 млн 700 миң сомго ашык аткарылган. Өткөн жылдын бул мезгилинде айтылган суммадан 23 млрд 124 млн 400 миң сомго азыраак жыйналган эле.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button