Экономика

Кыргызстанда кум шекердин баасы өсүүдө

Орточо керектөө бааларына күнүмдүк мониторингдин жыйынтыгы жыл башынан бери кум шекердин баасы 15 сомго же 27 пайызга кымбаттаганын көрсөттү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Бүгүнкү күндө орточо керектөө баасы 68,95 сомду түзөт. Мында продукциянын эң жогорку өздүк наркы Кара-Сууда (76,48 сом), Ноокатта (75 сом), Баткенде жана Ошто (73,72 сом) катталган. Ал эми эң арзан кумшекер Кербенде (65 сом), Караколдо (65,15 сом) жана Токмокто (65,39 сом).

Ноябрь айында өткөн айга салыштырмалуу кум шекердин чекене баасы 1,2 сомго же 1,8 пайызга жогорулаган. Нарктын эң көп өсүшү Кара-Сууда — 7,1 пайызга, Балыкчы жана Баткенде — 4,5 пайызга катталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button