Спорт
Мээрим Жуманазарова орусиялык Ханум Велиеваны жеңди
Мээрим Жуманазарова «Москва гран-приси — Алроса Кубогу» мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишти камсыздады.
Башка мелдештерден айырмаланып бул турнирде спортчулар бир гана жолу беттеш өткөрөт жана жеңишке жеткени «Москва гран-приси — Алроса Кубогу» мелдешинин чемпиону болот.
Эске салсак, Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келишкен. Анда беттеш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбан кызы жеңишке жетишкен. Беттештен кийин орусиялык машыктыруучулар калыстардын чечимине нааразычылык билдирип чыгышкан.