Коом

Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү

Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф төмөндөдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырганы айтылат.

Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Документтин алкагында министрлер кабинетине токтом кылынат:

  • 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт/саатка чейин керектегенде бир кВт/саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;
  • ушул жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button