Экономика
Мигранттар Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашуун акча которгон
Чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандары 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейин 2 миллиард 284 миллион 650 миң доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, бул акча жеке жактардан келип түшкөн.
Өткөн жылдын бул мезгилинде 1 миллиард 959 миллион долларга жетпеген которуулар болгон.
Пандемия шарттарынан улам акча салуу бир кыйла азайып кеткен.
“Бул которуулар акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч катары катталды”, — деп айтылат маалыматта.