Коом

Жалал-Абадда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй курулат

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы 21 сотых муниципалдык жер аянтына Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй курулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары компаниянын үй куруу боюнча сунушун бир добуштан колдоп берди.

Белгилей кетсек, батирлер бюджеттик мекемеде эмгектенгедер үчүн 4 %, калган жарандарга 8 % менен 25 жылга ипотекалык насыя аркылуу берилет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button