Коом

«Кыргыздардын элдик билимдери жана тажрыйбалары» аттуу китеп жарыкка чыкты

Кыргыздардын элдик билимдери тууралуу эмгек жарык көрдү. Бул тууралуу эмгектин автору, педагогика илимдеринин, доктору, профессор Абдыкерим Муратов Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

 

«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) мыкты кол жазмаларды тандоо боюнча улуттук конкурс жарыялап, ага жетимиштен ашык прозалык, поэтикалык жыйнактардын, балдар адабиятынын, илимий-популярдуу чыгармалардын кол жазмалары келип түшкөн. Мына ошолордун ичинен он төрт автордун китептери тандалып, алар аталган уюмдун ички мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен каржылануу менен жарык көрүп, китептердин бет ачары Адабият күнүнө карата 15-декабрда болуп өттү.

Жеңүүчүлөрдүн катарында «Илимий-популярдуу басылма» номинациясы менен катышкан педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун «Кыргыздардын элдик билимдери жана тажрыйбалары» деген көлөмдүү китеби да бар. Кыргыз элинин салттуу билимдерин жана тажрыйбаларын изилдеген бул эмгекте байыртадан элди эл кылып, анын күнүмдүк жашоосунда колдонулуп жүргөн эмпирикалык билимдеринин көп багыты изилдөөгө алынат жана алар азыркы табигый жана гуманитардык илимдер менен байланышта каралат. Эң көп мисалдар улуттук оозеки энциклопедия болгон «Манас» эпосунан алынат.

Элибиз байыртадан эле математикалык, физикалык, химиялык, медициналык, географиялык, аскерий, ботаникалык, зоологиялык, космогониялык, агронимиялык, мелорациялык ж.б. билимдерди өз турмушунда кандайча колдонулуп келгендигин чагылдырган бул эмгек жалпы эле улуттук баалуулуктарга кызыккан окурмандарга арналат» — деп жазган автор.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button