Коом

Баткен шаарында көп кабаттуу үйлөр курулат

Баткен шаарында көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардын Султанмурат миңбашы көчөсүндө 37 сотых жерге жеке компания 9 кабаттуу 2 үй куруп берет. Учурда эки тараптуу келишим түзүлүүдө. Андан сырткары, Чет-Булак кварталынын 41 гектардан ашык жерге түркиялык жеке ишкер тарабынан 9 кабаттуу 50-60 үй, балдар бакчасы, эс алуу багы менен шаарча курулат. Түркиялык ишкер тарабынан курулган үйлөрдү жарандар ипотекалык негизде ала алат. Ал эми жеке компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөр түз келишим менен сатылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button