Коом
Алматыдагы башаламандыкта кармалган төрт кыргызстандык бошотулду
Алматыдагы башаламандыкта кармалган Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло бүгүн, 15-январда абактан кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашылган.
Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен алар Казакстандын аймагында калышарын билдиришкен.