Коом
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи келди
Кадырбек Нурмамбетов Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка 31-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга чейин Улан Акматбеков Жол фондун жетектегени белгилүү болгон.