Коом

Бишкекте Жогорку соттун кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ишембиликке Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, судьялар, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун профсоюз комитетинин төрагасы Болотбек Акматов, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин төрагасы Шералы Камчыбеков катышышты.

Ишембиликтин алкагында Жогорку соттун имаратынын алдында куурап калган арчалар алынып, ордуна жаңы арчалар отургузулду. Арчалар Жогорку соттун профсоюз комитетинин көмөктөшүүсү менен сатылып алынган.

Жаздын алды менен Жогорку сот жана жергиликтүү соттор айлана-тегеректерин ирээтке келтирип, жашылдандыруу иштерин башташат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button