Жактоочу: Алиярбек Абжалиевге карата иш уулунун мурдагы бизнес өнөктөшүнүн арызы менен козголгон
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге карата иш уулунун мурдагы бизнес өнөктөшүнүн арызы менен козголгон. Бул тууралуу «Kadam-media.kg» маалыматтык агенттигине адвокат Жибек Ажибекова билдирди.
Абжалиев Алиярбектин уулу Токобеков Темирланга 2018-жылы Сухраб Жармухамедовдон (арыз берүүчү) капиталдын бирдей үлүштөрү менен биргелешкен курулуш ишин баштоо сунушу түшкөн. Токобеков Темирлан инвестиция салып, жөн гана негиздөөчү болгон, чындыгында Жармухамедов Сухраб бизнести ишенимдин негизинде башкарган.
Үч жылдын ичинде жалпы бизнес менен алектенип, бир нече объектилер курулган, бирок кийинчерээк Токобеков Темирлан бизнестен кетүүнү чечип, Жармухамедов Сухраб Токобеков Темирландын үлүшүн бөлүп-бөлүп алуу каалоосун билдирген жана 2020-жылы тиешелүү келишим түзүлүп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн.
Бирок, арадан бир жарым жыл өттү, Сухраб Жармухамедов өз милдеттенмесин аткарбай жатат, Токобеков Темирлан өз үлүшүнө акча ала элек. Жармухамедовдун мыйзамсыз аракеттери боюнча маселе тынчтык жолу менен чечилет деген үмүт менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес.
Бир күн мурун Сухраб Жармухамедов Абжалиев Алиярбекке карата «алдамчылык» фактысы боюнча укук коргоо органдарына арыз жазганы белгилүү болгон. Анын арызынын негизинде УКМКда кылмыш иши козголуп, тергөөнүн өтүнүчү менен Абжалиев 2 айга камакка алынган.
Токобеков менен Жармухамедовдун ортосунда бизнестеги маселени жөнгө салуу мыйзам чегинде болгонун белгилейм. Жогоруда белгиленгендей, алардын ортосунда биргелешкен бизнестин үлүшүн сатуу боюнча келишим түзүлгөн. Жармухамедовго эч кандай коркутуу болгон эмес. А.Абжалиев Жармухамедовдон эч качан акча алган эмес. Көрүнүп тургандай, даттануучу Жармухамедов бийлик органдарына кайрылып, жалган жалаа менен карызын төлөбөй калгысы келет.
Бул маселени мыйзам чегинде адилеттүү чечүүгө аракет кылабыз жана укук коргоо органдары берилген документтерди изилдеп чыкканда бул маселени чечет деп ишенебиз, — деген пикирин билдирген жактоочу Жибек Ажибекова.