Коом

Баткенде милиция кызматкерлери ата-энелерге Интернеттин балдарга тийгизген терс таасири жөнүндө айтып беришти

Азыркы убакта ар бир жаш өспүрүм колундагы телефонго ар кандай багыттагы социалдык тиркемелерди жүктөп алып, азгырылган учурлар көп. Жаш өспүрүмдөрдү туура жолго багыт көрсөтүп, Интернет айдыңын туура пайдалануу, интернет оюндарынан арылтуу макстында Лейлек РИИБнин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерге жыйналыштарды өткөрдү.


Жыйналышка райондогу дин өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдөгү социалдык адистер катышып, онлайн оюндарынын терс таасирин, баланын ден соолугуна зыян алып келерин эскертишти. Ошондой эле телефондогу адепсиз оюндар жаш өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасирин тийгизип, кылмыштуулукка алып бараарын түшүндүрүп беришти.
Милиция кызматкерлери ата-энелерге балага көбүрөөк убакыт ажыратып, алардын телефондорун, сабактарын текшерип туруу жагы эскертишти. Балдарга карата зордук-зомбулуктарды жасаган ата-энелерге, жарандарга мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер бар экенин белгилешти.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button