Коом

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Эртең, 15-февралда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу “Таксомоторный” суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Эртең Элебесов жана Медеров көчөсүндөгү “Золотой дракон” ресторанында, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү оор атлетика боюнча спорттук мектебинде, Медеров көчөсүндөгү таксомотор жайында, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү администрциялык мекемеде суу жок болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button