Кылмыш-кырсык

Бишкек шаардык “Тазалык” ишканасы мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджет жаатындагы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз төлөп берүү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу фактыларынын негизинде мамлекетке 15 млн 191 миң 500 сом зыян келтирилгендиги такталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button