Коом
Азык-түлүктүн баасы өссө бийлик кандай аракет көрөрүн айтты
Министрлер кабинети азык-түлүк рыногунда баалардын кескин өсүп кетишине жол бербейт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйыны учурунда маалымдады.
Анын айтымында, баа жасалма жол менен көтөрүлбөш үчүн өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Ошондой эле министр учурда Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү көлөмдө экенин кошумчалады. Буудай жана ундун алты айлык запасы бар экени дагы белгилүү болду.
«Баалар кескин көтөрүлүп кетсе өкмөт чара көрөт. Мисалы, өндүрүүчүлөр субсидияланат жана социалдык маанилүү товарлардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынат», – деди Амангелдиев.
Ал өткөн жылы дал ушундай аракеттерден улам баалар анча көтөрүлбөгөнүн кошумчалады.