Коом

ИИМ: Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тизмелерди алып жүргөн жаран аныкталды

Свердлов районундагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо учурунда Бишкек шаарынын тургуну Б.Б. аттуу жаран бир талапкерге үгүт иштерин жүргүзүү учурунда тизмелерди тактап, акча таратууга аракет жасап жаткандыгы боюнча маалымат текшерүүгө алынган.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын Тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.Б. аттуу жарандын 50 адамдын тизмесин алып жүргөндүгү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан аныкталып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Учурда топтолгон материалдар БШКга жана Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button