Тагдыр: Байлыктын артынан «барам» деп баткакка баттым
“Kadam-media.kg” маалыматтык агенттиги редакциябызга келген каттарды бөлүшүүнү улантабыз. Бул ирет окурмандардан кеңеш сурап, бир убакта кетирген катачылыгын моюнга алган окурманыбыз кайрылган.
Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Азыркы абалымды карап кечээки күндү ойлодум. Мен кандай элем, ким элем? Мен бир үйдүн эрке кызы, оозумдан чыкканы аткарылган, мансаптан көзүн май баскан, жалаң жибектен кийим кийген эрке элем. 14 жашымда апам көз жумду. Бой жетип чоңойгондо балдар мага эмес байлыгыма кызыгып көз артчу. Атам чоң кызматтарда иштеп көп ирет алга сүйрөдү, мен акмак атам артымда түбөлүк жөлөк болот деп ойлоптурмун.
Канча ирет жакшы жерге жумушка киргизди, теригип бир жума жүрүп качып кетем. Кыздарды МАИ кызматкерлигине алып баштаганда мен да баргам ээлигип, бирок тартип катуу, эрким жетпеди. Ошондо чыдап койсом, азыр тыкылдап форма кийип жүрмөк элем. Азаптын баары атам көз жумган соң башталды. Атам каза болгон соң баягы байлык билинбей эле жок болду. Атаныкы балага буюрбайт деген чын окшойт. Алданып аялы менен ажырашкан бирөөгө тийдим.
Бир балалуу болгондо баламды атасына таштап баса бердим. Анткени кыйналдым, чачым таралбай жүдөдүм. Түнү ыйлайт, уйку жок. Ошентип баланы жолдошума калтырып баса бердим. Ал эч нерсе түшүнбөй кала берди. Мен баягы жашоону эңседим. Себеби жокчулук, жолдошум эмерек жасайт, кардар жок карайлаган күн жакпады мага. Ошондуктан өзүм иштеп, акча тапкым келди.
Шаарга келип аябай ачка болгондо швеяны үйрөндүм. Арадан 5 жыл өттү баламды басып барып көрбөдүм. Бир күнү катуу оорудум. Башым катуу ооруп, көзүм караңгылап жатып калдым. Дары жардам бербейт. Беш жылда чогулткан акчам беш күндө жок болду. Чогуу жашаган эже бир көзү ачыкка алып барды. Ал эже күйөөмдүн биринчи аялы окутуп салганын айтты. Баламдын зарыгып жол караганын айтты. Ошондо жүрөгүм тыз деди. Ушунчалык ташбоор жан экенимди сездим.
Баланын ыйы, сагынып жол караганы … мени соо койбоду. Аттиң ата-энем барчылыкта чоңойтту, бирок менде мээрим жок болду. Аялзатынан жалгыз мерез, таш боор мен болсом керек. Азыр мынтип оорууга чалдыгып, төшөккө кадалганда өз баламды эстедим. Барган менен ал мени тааныбайт да. Канча ирет кагылды, канча ирет кулады, «апа» деп ыйлаган чыгар. Мага акыл эми кирди…. Кандай кылсам? Жолдошум башында чалып турчу, азыр телофону өчүк. Балким биринчи аялы келген чыгар…».
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.