Коом

Бишкек – Ош жолунда тынбай жааган жаанга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-128 жана 132-255-чакырымдарында тынбай жаап жаткан жаанга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

“Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Жолго чыкканда айдоочулар жанына трос, чынжыр, дары-дармек, жылуу кийим, тамак-аш, чай ичкенге таза суу алуусу зарыл. Ошондой эле пландалган иш сапарларын кийинки күндөргө жылдырып туруусу зарыл экенин билдиребиз”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жаан-чачынга байланыштуу Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Долон ашуусу, Ийри-Суу тилкеси, Кара-Гөө ашуусу жана Каракол — Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button