Тагдыр: Кыз байкуш аргасыз, өз наристесин өлүмгө кыйганга бараткан…
Москванын жашоосу канча адамды жолуктурбады… Жөн эле жолуктурбай, жан дүйнөсүн дагы ачып берген учурлар болду.
Ооба, бул тагдыр мен үчүн өзгөчөдөй сезилет…
Бир квартирада бир жигит аялы, баласы менен жашачу. Эмнегедир жигит көп ойлонуп ичинде чоң сыр жаткандай сезилчү… Аялына караганда, баласына бети менен түшүп, памперсинен бери алмаштырып, булганып алса душка жуунтуп, тамагынан бери өзү берип калаар эле. Аялы ага караганда, эки жакка көп көңүл ачкан, баласы менен анча иши жок болчу.
Күндөрдүн бир күнүндө ал жигит мага карап:
— Эже сизге бир нерсе айтайын дедим эле. Мен үчүн — сиздин жан дүйнөңүзгө көп нерсе баткандай сезилет… Мага кеңеш бериңизчи, мен өз тагдырымды айтып берейин — деди.
Мен таң калып:
— Туура кеңеш бере аламбы?…
— Сиз сыр жашыра турган айымдай көрүнөсүз. Ошондуктан, сизге айткым келди…
— ???- мен суроолу тиктедим…
— Эже, бала меники эмес.
— Анан… — таң калдым…
— Аялымдыкы…
— Кандайча???
— Мен баарын башынан айтсам, мен стройкада иштеп жүргөнмүн. Мен жашаган квартирада бир кыз жашап жүргөн. Ал ар дайым эле ыйлагансып, көздөрү кызарып, шишип калаар эле Бир жолу менден:
— Байке, 3 миң рубль берип туруңузчу — деди.
— Эмне кыласың? -десем,
— Ичимдеги баланы аборт кылдырайын дедим эле. Жигитим боюмда болгондон кийин таштап кетти… — деди.
Мен айлык жакында алаарымды, анан берип тураарымды айттым. Ошентип айлык алган күн да келип, акчамы алып , тиги кызга сундум.
— Мына 3 миң рубль. Карыз эмессиң, бербей эле кой.
— Чоң рахмат, байке! Бул жакшылыгыңызды унутпаймын!
— Жакшылыкты… Мен бала өлтүргөнгө акча берип жатсам, кайдагы жакшылык??! Мен өзүм канча жылдан бери балага зар болуп, балалуу боло албай, кайра баланы жок кылып жатам! Бала үчүн келинчегим менен эки айрылыш жолго түштүм! — деп жооп бердим.
Кыз кийинип, ооруканага жөнөдү. Эшиктин жанына барганда, жанымды коёрго жер таппай, чуркап барып:
— Карындашым, баланы аман алып калчы, мен ата болуп берейин — дедим.
Кыздын көздөрүнөн жаш куюлуп, мени кучактап ыйлады… Ал байкуш деле аргасыз, өз наристесин өлүмгө кыйганга бараткан экен.
Ошентип , бала төрөлгүчө, кызды бактым, карадым, бирок, аял- эркек болуп жашабадык. Аман — эсен балабыз да төрөлдү. Бала төрөлгөндөн 40 күндөн кийин нике кыйып, экөөбүз баш коштук. Баламды жанымдай көрөм, болгону келинчегим ичимдик ичет экен. Эмне кылышымды билбей жатам. Баламды эч качан кыйбайм, балам үчүн эле жашап жатам — деди.
— Ата- энең, туугандарың билеби? — дедим
— Жоок, билишпейт! Менин балам деп ойлошот.
— Баланы чын жүрөгүң менен кабыл алдыңбы?
— Ооба, баламсыз жашоомду элестете албайм.
— Анда, менин оюмча ата-энеңе, туугандарыңа айтпа, алар сенин балаңдай кабыл алып жүрө беришсин.Чындыкты айтсаң, жүрөктөрү муздап калышат… — деп, өз кеңешимди айттым.
Кийин, ошол наристе 3 жашка чыкканда, тайэнесинин колуна кетти. Келиндин ичкени токтобой, экөө эки башка жолго түшүштү.
Бир жыл мурун ошол жигит менен Бишкектен кезигиштим. Баласын жанында алып жүрүптүр. Келинчеги менен жашабайт экен. Бала, атасына баса бериптир.
Баласы атасын аябай жакшы көрөөрүн, боорукер, урушпаган мүнөздөрүн мага айтып жатты…
Бала азыр 6ч-класста окуйт экен. Карап туруп жашоого таң калдым… Кызык жашоо… Ачуусу — таттуусу, сүйүнүчү- көз- жашы аралашкан бир кем дүйнөгө баш ийбеске чараң жок. Эркек адамдын ушунчалык боорукер, мээримдүү, айкөлдүгүн биринчи көрүшүм. Ошого жараша аялы күйөөсүнүн адамдык бийик сапатын сезип, жаман ичимдиктен алыс болсо, кантет эле, бир кем дүйнө…Жашоодо баары унутулуп, дүйнөдө эң бактылуу үй бүлөөдөй жашаса болмок… Кээде ата- баланын түгөнгүс мээримин көрүп, эртең баласы билсе, энесинин жакшылыкка түкүргөн аялдык алсыздыгын кечирет бекен?! Же өмүр боюу ,,Менин атам жакшы адам!» деген улуу , ыйык вазыйпадан чыкпай, табышмак жашоо — табышмак боюнча сапарын каарытат бекен?! Бул суроолор мээмди чыңалтып, мээримдүү атага ыраазы болуп , бактылуулукту кааладым.
Бул күндөр да өтөр… Аллахым, мээримдүү жандарды сүйөт, сага да күн тиер деген үмүттөр менен келе жаттым…
Автору Жанара Матисакова