Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. Кийинки индиялык Судеш Кумаринин бутун күрөш башталары менен кайчылаштырып, оодаруу менен жеңишти эрте эле илип кетти. Медет кызы жарым финалда монголиялык Ганбат Ариунжаргалга каршы чыгып, атаандашына эч мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утту.
Кыргызстандык спортчу финалда кайрадан япониялык Юка Кагами менен күрөштү. Кагами башында Айпериге утулганы менен кийинки эки атаандашын караандатпай жеңип, финалга көтөрүлгөн. Финалда дагы Медет кызы жеңишти алдырбай, 5:3 эсебинде алтынды камсыздады.
Айпери Медет кызы 2020-жылы 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон.