Бишкекте таштанды, чөп, жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынат


Бул тууралуу Бишкектин Муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Аталган инспекция таштанды-чөптү күйгүзгөндө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, аба булгана турганын белгилейт.

Таштанды өрттөгөн жарандарга 7.5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып каралган.