Экономика

«Альянс Алтын» ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү

 2022-жылдын май айына карата «Альянс Алтын» ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү. Бул тууралуу атлаган компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, мындан сырткары «Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого» беренеси боюнча да төлөмдөр жүргүзүлдү.

Талас облусун өнүктүрүү фондуна — 195, 7 млн сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна — 117,4 млн сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна — 78,3 млн сом бөлүндү.

Азыркы учурда «Альянс Алтын» ЖЧКсында 707 кызматкер иштейт. Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облуста тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201ри тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча «Альянс Алтын» ишканасына ишке алынды.

“Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button