Коом

Кыргызстан Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын Ысык-Көлдө өткөрүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылаыйк, жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Никита Михалков ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button