Коом

Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинде жоокер өзүн-өзү атып алган

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жоокер өзүн-өзү атып, каза тапты. Бул тууралуу жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 29-июлда эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндөгү А.К.С. аттуу жоокер өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button