Коом

Чүйдө директорлорду тандоодо 69 талапкер тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү

Кечээ, 17-августта Чүй облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 69 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, облус боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген. Эскерте кетсек, сынак Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button