20-22-август күндөрү абанын температурасы төмөндөйт
Өлкө аймагында 20-22-август күндөрү абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 20…25⁰;
-Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9⁰, күндүз 18…23⁰;
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17⁰, күндүз 24…29⁰;
-тоо этектеринде түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 21…26⁰;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2⁰, күндүз 12…17⁰;
-Ысык-Көл облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 6…11⁰, күндүз 18…23⁰;
-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7⁰, күндүз 19…24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6⁰, күндүз 10…15⁰;
-бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7⁰, күндүз 3…8 градуска чейин төмөндөйт.